БШК: мыйзам боюнча мэрдин шайлоосу 20 күндүн ичинде өтүшү керек

849

Борбордук шайлоо комиссиясы мыйзам боюнча мэрдин шайлоосу 20 күндүн ичинде өтүшү керек, деп билдирүүдө. Шайлоого беш күн калганга чейин талапкерлер катталып, мамлекеттик тилден сынак тапшыруу жол-жоболору бүтүшү керек. Андан кийин талапкерлер баш тартууга гана укугу бар, аларды жылдырууга, сунуштоого болбойт.

Мэрди Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары шайлайт. Мыйзамга ылайык, Бишкек шаарынын мэрлик кызматка талапкерлерди шаардык кенешинин фракциялары жана көпчүлүк коалиция көрсөтүүгө укуктуу. Ошондой эле, өзүнүн сунушун премьер-министр бере алат.