БШК: НТС журналисттерине кысым көрсөтүлгөнү такталса, ИИМ тарабынан чара көрүлөт (видео)

1626

Кара-Суу шаардык кеңешинин шайлоосун чагылдырган НТС телеканалынын журналисттерине кысым көрсөтүлгөнү такталса, Ички иштер министрлиги тарабынан чара көрүлөт. Бул тууралуу бүгүн Борбордук шайлооо комиссиясынын төрагасынын орун басары Атыр Абдрахматова НТС телеканалына билдирди.  Эске салсак, шаардык кеңештин шайлоосун чагылдыруу үчүн Кара-Сууга барган НТС телеканалынын жергиликтүү кабарчылары коркутууга туш болду. Журналист Гүлжан Алтымышбаеванын билдиришинче, шайлоо тилкесинин жанындагы белгисиз адамдар каналдын операторунун ишине тоскоолук кылып, тартылган тасманы өчүртүүгө аракет кылышкан.