БШК Өмүрбек Текебаевди мандатынан ажыратты

1017

БШКга «Ата Мекен» фракциясынан депутат Текебаев 8 жылга соттолгондугу тууралуу чечим келип түшкөн. Райондук соттун чечимин шаардык сот күчүндө калтыргандыктан, анын депутаттык ишмердүүлүгүн мөөнөтүнөн мурда токтотууга негиз бар, деди Боршайкомдун мүчөлөрү.

Буга чейин айыпталуучунун адвокаттары Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылып, Жогорку соттун чечими чыкмайынча, депутатты мандатынан ажыратуу маселесин карабай турууну суранышкан. Бирок мыйзам боюнча, БШК бүгүн чечим кабыл алышы керектигин эске алып, Текебаевдин депутаттык ишмердүүлүгү токтотулду. Ал “коррупция” беренеси боюнча күнөөлөнүп, 8 жылга эркинен ажыратылган.

Маалыматтарга караганда, Өмүрбек Текебаевдин ордуна парламентке Искендер Гаипкулов депутат болуп келет.