БШК: Шайлоо 20-декабрда өткөрүлүшү керек (видео)

3282

Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик кайра шайлоонун мөөнөтүнө байланыштуу кассациялык арыз менен Жогорку сотко дагы бир жолу кайрылды. Биринчи арыз 28-октябрда берилип, бирок ал кечээ эртең менен артка кайтарылган болчу. Боршайком тиешелүү мыйзамдарга ылайык, шайлоо 20-декабрда өткөрүлүшү керек деген позициясынан кайтпай турат.

Ал арада Конституциялык палатага 2 доо-арыз түшүп анда депутаттар 22-октябрда кабыл алган чечим канчалык мыйзамдуу делген суроо коюлган. Бирок ага жооп жарым жыл аралыгында гана берилет экен. Баарынан кызыгы, Жогорку сот БШКнын арызын канааттандырып койсо, өз мөөнөтүн жылдырып алган парламентарийлердин мыйзамы эмне болот деген суроо жаралууда. Өлкө укуктук туңгуюкка кептелдиби?