БШК талаш-тартыштарды чечүүдө айрым учурларда калыстыгын көрсөтө алган жок

792

Атаандаштык менен болгон шайлоо бийликти тынч өткөрүп берүүгө шарт түздү. Бул тууралуу Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун байкоочулары билдиришти. Алардын айтымында, негизинен өнөктүк эркин өттү, бирок бир катар маселелердин катталышы, тынчсыздандыруучу фактор бойдон калууда.

«15-октябрдагы шайлоо Кыргызстандагы демократиялык институттарды бекемдөөгө салым кошту. Бийликти эл шайлаган президентке тынч өткөрүп берүүгө шарт түзүлдү, дейт эл аралык байкоочулар. ЕККУнун мүчөлөрүнүн баамында, добуш берүү техникалык жактан жакшы уюштурулду.

Бирок Боршайком талаш-тартыштарды чечүүдө айрым учурларда калыстыгын көрсөтө алган жок», деп билдирет ЕККУ.