БШК төрайымы партиялар алдында жооп берди (видео)

3259

БШКнын сервери 1 сааттай иштебей калганы боюнча көз карандысыз IT кызматкерлерден турган комиссия курап, добуштарды кайрадан колго санап чыгуу. Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон тарап менен БШКнын, Коопсуздук кеңешинин өкүлдөрү жолугушту. Анда саясий бирикмелердин өкүлдөрүнөн тышкары, бир мандаттуу округдардан ат салышкан бир нече талапкер да келип, алардын добуштары уурдалганын билдирип чыгышты.

Тиешелүү мекеменин өкүлдөрү болсо мүчүлүштүк автоматтык эсептөөчү урналардан алынган маалыматтан эмес, чогулган добуштарды туура эмес көрсөтүп коюудан гана келип чыкканын айтып, түшүндүрүүгө аракет жасап жатышты.