БШКга шайлоо участокторунун 99 пайызынан маалыматтар келип түштү

779

Азырынча чет өлкөдөгү 37 жана Кыргызстандагы 3 шайлоо тилкесинен гана жыйынтык келе элек. Акыркы маалымат боюнча, Сооронбай Жээнбеков 54 пайыз, Өмүрбек Бабанов 34 пайыз колдоо тапты.

Учурда добуштар колго саналып жатат. Анын электрондук эсептөөдөн айырмасы чоң деле болушу мүмкүн эмес. Мыйзам боюнча, Боршайком добуш берүүнүн жыйынтыгын 20 күндүн ичинде жарыялашы керек.