БШКнын мүчөлөрү отставкага кетиши керекпи? (видео)

1159

Кайра шайлоону Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы курамы өткөрүшү керек. Мындай талап менен айрым жарандар интернетте кол чогултууга киришти. Алар БШКнын азыркы мүчөлөрү өткөн шайлоодо кош стандарттуулук кылып, добуш берүү учурундагы мыйзам бузууларды көз жаздымда калтырышты, деп айыпташууда. Бир сутка ичинде петицияга жүздөн ашык киши гана кол койгон.

Атыр Абдрахматова кызматтан кетүү тууралуу арызын жазды. Ошондой эле, ал Садыр Жапаровго кайрылып, президенттин квотасы менен келген мүчөлөрдү артка чакыртып алууну сунуштады. Бирок Абдрахматованын кесиптештери буга макул эмес. Анын үстүнө буга азырынча мыйзам дагы жол бербейт экен.