БШКнын төрайымы админресурс колдонулуп жатканын моюнга алды (видео)

869

Боршайкомдун төрайымы шайлоодо административдик ресурс колдонулуп жатканын моюнга алды. Бул тууралуу Нуржан Шайлдабекова парламенттин отурумунда билдирди. Бүгүн депутаттар шайлоого карата даярдык тууралуу маалымат угушту. Жыйынга БШКнын төрайымы, шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штабтын жетекчиси Темир Жумакадыров, Башкы прокуратуранын жана УКМКнын жетекчилиги чакырылды. Бирок алар «териштирүү жүрүп жатат», «фактылар болсо кайрылгыла» деген жооптон башка эч нерсе айта алышкан жок. Тиешелүү органдардын жетекчилерине караганда, шайлоого байланыштуу мыйзам бузуулар тууралуу маалыматтар депутаттарда көп экен. Эл өкүлдөрү административдик, финансылык ресурс колдонулуп жатканы боюнча көптөгөн фактыларды келтиришти.