БШКнын төрт мүчөсү кесиптештерине кайрылуу жасады

762

Борбордук шайлоо комиссиясынын 4 мүчөсү — Назарали Арипов, Атыр Абдрахматова, Елена Жылкычиева жана Гүлнара Журабаева башка кесиптештерине кайрылуу жасашып, президенттикке талапкерлердин бирөөсүнүн дагы жарыштан четтетпөөгө чакырышты. Ал кайрылууда, «Боршайкомдун колуна Кыргызстандын эртеңки келечеги көз каранды болгон мүмкүнчүлүк берилип жатат. Өлкөдө биринчи жолу шайлоочулар өздөрүнүн эркин тандоосун жасап, мамлекет башчысын шайлап алуу алдында турат. Боршайком биринчи жолу бир топ кыйынчылыктар менен бетме-бет келип, бул шайлоону ачык-айкын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн алууда, деп жазылган.

Ошондой эле, «эгер биз, административдик ресурка, шайлоочуларды коркутуу, добуштарды сатып алуу фактыларына каршы тура албасак, өзүбүздүн кызыкчылыгыбызды, пайдабызды гана ойлой турган болсок, анда биз бул президенттик шайлоону кыйроого учуратып, өлкөнү өнүгүү жолунан тайдырып, жарандык тирешүүгө жол ачып коюшубуз толук мүмкүн. Ошондой эле, шайлоого аз калганда кайсы бир талапкерди жарыштан четтетүү, мурдагы бийликтин убагына кайтарып келүү менен барабар болот, деп белгиленген. Боршайкомдун 12 мүчөсүнүн бирөө эле элди алдап коем десе, бул чоң трагедияга алып келиши мүмкүн, деп айтылат кайрылууда.