БШКнын төрт мүчөсү укугу тебеленип жатканын айтып чыгышты

807

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрт мүчөсү укугу тебеленип жатканын айтып чыгышты. Бүгүн Атыр Абдрахматова, Назарали Арипов, Гүлнара Журабаева жана Елена Жылкычиевалар маалымат жыйын өткөрүп, коомчулукка жана парламентке кайрылуу жолдошту. Алардын айтымында, Боршайкомдо иш алып барганга шарт түзүлбөй, тескерисинче чек коюлуп, каралоолор болуп жатат.

Жыйында сунуштар эске алынбай, отурумдун күн тартиби алдын-ала кабарланбайт дешет. Мыйзам боюнча БШКнын жетекчиси менен мүчөлөрдүн укугу бирдей. Бирок сын айтып, кемчиликтерди белгилегендерди иштен четтетүү аракети көрүлүп жаткандыгы айтылды. Мындай мамиледен улам бүгүн борбордук шайлоо комиссиясынын бир отуруму үзгүлтүккө учурады.