Бюджет бул – кыргыздын “бүт жейт” дегениби? (видео)

1278

Бишкек мэринин дарегине бир гана шаардык кеңештин депутаттары эмес, Жогорку Кеңештегилер дагы сын айтууда. Бүгүн парламенттин ар кандай маселелер бөлүгүндө ар бир экинчи эл өкүлү борбор калаадагы башаламандыктар тууралуу маселе көтөрдү. Социал-демократтардын айтымында, бир убакта 30дан ашык көчөнүн оңдоп-түзөөгө жабылышы, шаардыктардын нааразычылыгын пайда кылуу үчүн атайын жасалгандай. Ошондой эле, айрым депутаттар калаада 80 гектардан ашык жер сатылып кетти деген маалымат боюнча иликтөө жүргүзүүнү сунушташты. Өкмөт бул маселеге тез арада кийилигишип, чара көрүшү керек, деди эл өкүлдөрү.