Бюджет таңсыктыгы көбөйүүдө. Ким күнөөлүү? (видео)

645

Кийинки аптада салык, бажы жана экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматтарынын жетекчилери ээлеген кызматтарынан кол жуушу мүмкүн. Себеби кийинки аптада Жогорку Кеңештин эки тармактык комитетинде алардын жоопкерчиликтери каралат.

Буга бюджеттин 4 айга пландалган киреше бөлүгү толук аткарылбай калганы себеп болууда. Депутаттардын айтымында, ал отурумдарда аталган кызматтын жетекчилеринин ишмердүүлүгүнө баа берилет.