Бюджетке 6 миллиард сом түшпөй калды (видео)

841

2018-жылга карата республикалык бюджет 6 миллиард сомго аткарылбай калды. Буга салык менен бажы кызматтарынын төлөмдөрдү толук жыйнай албай калганы себеп болду. Мындан улам депутаттар тиешелүү жетекчилерди жазалоо боюнча өкмөткө тапшырма беришти.

Анткени бюджеттин 5 пайызга аткарылбай калганынан улам каржылоо өз убагында жүргүзүлбөй көп иштер токтоп калды. Казынага пландалган акча түшпөй калгандыктан, капиталдык салымдарга каралган каражаттарды кыскартууга туура келүүдө. Андыктан авариялык абалдагы мектептердин, бала бакчалардын көйгөйү жакын арада чечилбей тургандай.