Бюджетте иштегендердин пенсиясы көтөрүлүшү керек (видео)

783

Социалдык фонд бюджетте иштегендердин пенсиясын көтөрүшү керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында бир катар депутаттар айтышты. Бүгүн мекеменин төрагасы Теңизбек Абжапаров 2016-2017-жылдар боюнча баяндама жасады. Эл өкүлдөрүнүн айтымында, пенсия берүү системасы олуттуу реформаларга муктаж. Өзгөчө мугалим, дарыгерлер сыяктуу өмүр бою бюджеттик мекемелерде иштеп, ардактуу эс алууга чыккандар арзыбаган акча алып жатышат.