Бюджеттин чыгашасы кирешеден 5,5 миллиард сомго ашып кетти

1194

Бул маалыматты Финансы министрлиги таратты. Ага ылайык, быйылкы жылдын январь-июль айларына карата мамлекеттик бюджеттин кирешеси 80 миллиард болсо, чыгаша 85 миллиард сомду түзгөн.

Эки ай ичинде эле киреше-чыгаша айрымасы жарым миллиард сомдон ашкан. Июнь айына карата ал 4 миллиард 900 миллион сомду түзүп турган. Белгилей кетсек, Кыргызстан 2016-жылдын бюджетин 21 миллиард сом таңсыктык менен жыйынтыктаган.