Бюджеттин тартыштыгы ишкерликке залакасын тийгизүүдө (видео)

612

Бюджеттин тартыштыгы ишкерликтин өнүгүшүнө залакасын тийгизүүдө. Себеби салык кызматы каражат чогултууда коюлган планды аткаруу үчүн ишкерлерден кийинки жылдын эсебинен акча талап кылып жатышат. Бул тууралуу ишкерлер коомчулугу менен депутаттар айтып чыгышты. Эске салсак, 2018-жылы бекитилген бюджет алты жарым миллиард сомго аткарылган эмес.

Адистер муну өкмөттүн чыгымдарды кыскартуу, элге колдон келе турган убадаларды берүүгө батынбай жатканы менен түшүндүрүүдө. Ошондой эле, өлкөдөгү көмүскө экономиканы жоюу жаатында иштердин жүрбөгөнү да буга кошумча болууда, дешет эксперттер.