Бүгүн белгилүү журналист Султан Жумагуловдун сөөгү жерге берилди

832

Султан Жумагулов менен коштошуу зыйнаты Кыргыз мамлекеттик драма театрында өтүп, өкмөт башчысы, президенттин аппаратынын жетекчиси, Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук ишмерлер, Султан Жумагуловдун санаалаштары жана жакындары катышты.

Анын сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлуп, президент Сооронбай Жээнбеков топурак салды. Маданият министри, белгилүү журналист Султан Жумагулов 8-октябрь таңга маал көз жумган. Ал акыркы убакта онкологиялык дарттан жабыркап жүргөн.

Султан Жумагулов Нарын областынын Ат-Башы районунда туулган. Кыргыз мамлекеттик университетин журналистика адистиги боюнча бүтүрүп, республикалык басылмаларда иштеп, кийин Би-Би-Си, «Азаттык», ЭлТР, КТРКда жетекчилик кызматтарды аркалаган. Султан Жумагулов 59 жашта болчу.