Бүгүн Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтүнүн акыркы күнү

729

Бүгүн юридикалык жактар үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктайт. Документтерди кабыл алуу түнкү саат он экиге чейин созулат. Декларацияны өз убагында тапшырбагандарга 5 миң сом айып салынат.

Бирдиктүү салык декларациясын ата мекендик уюмдар, дыйкан жана фермердик чарбалар, туруктуу мекемесин түзүү менен Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүк жүргүзгөн чет өлкөлүк уюмдар тапшырууга милдеттүү.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.