Бүгүн Бирдиктүү салык декларациясынын тапшыруунун акыркы күнү

935

Салык инспекциясы киреше-чыгашасы тууралуу маалымат бере элек жеке жактарды бүгүн түнкү саат 12ге чейин тапшыруу мүмкүнчүлүгү бар экенин эскертишүүдө. Мындай тартип менен бардык аймактык салык бөлүмдөрү иштешет.

Белгилей кетсек, Бирдиктүү салык декларациясын бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, патент менен иш алып баргандар, ошондой эле турак-жай, жер тилкеси сымал кыймылсыз мүлкү жана унаасы бар жеке тараптар тапшыруусу зарыл.

Мындан тышкары, дыйканчылык жана фермерлик ишмердик жүргүзгөндөр да тиешелүү маалыматты тапшырууга милдеттүү. Декларацияны убагында тапшырбагандарга 2 миң сом өлчөмүндө административдик айып салынат.