Бүгүн Бишкек шаарында жылуулук бериле баштады

880

Эртең менентен тарта жылуулук түйүндөрүнө борбор калаадагы оорукана, бала-бакча жана мектептер кошулду. Бирок айрым билим берүү мекемелердин жетекчилиги каражатты үнөмдөө максатында убактылуу жылуулуктан баш тартышты. Бүгүн энергетиктер маалымат жыйын өткөрүп, кышка даярдык тууралуу айтып беришти. Жылуулук борборлору толугу менен даяр, деп ишендиришүүдө. Ошондой эле, быйыл кышта 3 фазалуу электр энергиясын үйдү жылытуу үчүн колдонууга уруксат берилээри маалым болду.