Бүгүн бишкектиктердин үйлөрүнө жылуулук толугу менен берилет

878

Бишкек жылуулук берүү борборундагы авариянын кесепеттерин жоюуп, абалды жөнгө салууга адистер технологиялык чечим табышты. Бул тууралуу премьер-министр Сапар Исаков билдирди. Анын айтымында, бүгүн күндүзгү саат төрттөн кийин шаардыктардын үйүнө жылуулук толугу менен берилет.

Өкмөт мындай авариялар экинчи кайталанбаш үчүн жабдыктарды оңдоп-түзөөнү ойлонушу керек, деди Сапар Исаков. Премьер-министрдин айтымында, энерго тармактагы көйгөйдү чечүүдө тариф маселеси келип чыгууда. Андыктан бул жаатта кескин чараларды көрүү керек, деди Сапар Исаков.