Бүгүн эртең менен Бишкек ТЭЦинде дагы бир авария болду

777

“Электр станциялары” ишканасынан билдиришкендей, 24-казанды иштетип жатканда түтүктө 60 мм жарака пайда болуп, суу ага баштаган. Күндүн суугунан улам труба тешилип калганы кабарланууда. Адистер кырдаалды жөнгө салып жатышат. Ошондой эле 23-казан иштетүүгө даярдалууда.

Маалыматтарга караганда, системадагы суунун температурасы азыр 50-60 градуска жетүүдө. Ал эми шаар тургундарына жылуулук качан толук берилери азырынча белгисиз. ТЭЦтин директору Нурлан Өмүркул уулунун айтымында, авария насостордун иштебей калганынан улам келип чыкты.

Суу сордургучтар 1960-жылы орнотулгандан бери оңдолгон эмес. Анткени буга акча каралбай келген, дейт Өмүркул уулу. Бул арада Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Жылуулук электр борборун контртеррористтик иш-чаралардын алкагында текшерип жатат. Азырынча бул тууралуу кеңири маалымат берилген жок. УКМКдан тышкары, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы дагы ТЭЦтеги авария боюнча өз текшерүүсүн баштады.

Замирбек Осмоновдун айтымында, учурда ыкчам-иликтөө иштери өткөрүлүүдө. Бишкекте 26-январь күнү кечинде жылуулук берүү токтотулган. Энергетиктер жекшембиге караган түнү кырдаал жөнгө салынып, шаардыктарга жылуулук бериле баштаганын кабарлаган. Бирок батирлерде түтүктөр бир аз эле жылымтык тартып, азырынча үйлөр суук бойдон калууда.