Бүгүн футбол боюнча Азия биринчилигинде финалдык беттеш болот

1042

Анда Катар менен Япониянын оюнчулары биринчи орун үчүн таймашат. Катар командасы буга чейин Бириккен Араб Эмираттарын, Түштүк Корея, Ирактын футболчуларын плей-оффто утуп алган.

Ал эми Япония Иран, Вьетнам, Сауд Арабия командаларын жеңген. Финалдык беттеш Бишкек убактысы боюнча кечки саат сегизде башталат. Төрт жыл мурда Азия кубогун Австралия утуп алган. Быйыл аталган өлкөнүн командасы чейрек финалда чемпионаттан четтеди.

Бул жолку Азия кубогуна тарыхта биринчи жолу Кыргызстандын курама командасы катышып, финалдын сегизден бир бөлүгүндө Бириккен Араб Эмираттарына утулуп калган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.