Бүгүн кыргыз-казак чек арасында абал кандай? (видео)

1320

Кыргызстан-казакстан чек ара бекеттеринде авто унаа тыгындары кескин азайды. Бүгүнкү күнгө карата Ак-Тилек, Чоң-Капка өткөрүү жайларында кезек күткөн жүк ташуучу унаалардын саны 70ке жетет. Буга чейин Ак-Тилек бекетинде эле 500дөн ашуун фуралардын тыгыны пайда болуп, кезектин узундугу 15 чакырымга чейин жеткен. Учурда Ак-Жол өткөрмө жайында жөө жүргүнчүлөр эч тоскоолдуксуз өтүүдө. Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, Казакстан тарап биздин өлкө менен болгон чек арасында жеңилдетилген режим киргизе элек. Транспортту текшерүү мурдагыдай эле көп убакытты талап кылууда, дешет айдоочулар. Мындан улам, оор жүк ташуучу унаалар эмнеге азайды деген суроо жаралууда?