Бүгүн Молдомуса Конгантиевге карата өкүм чыгышы күтүлүүдө

883

Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин иши Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралат. Адвокаты Икрамидин Айткулов сотто Конгантиевге акыркы сөз берилгенден кийин чечим чыгарыла турганын билдирген.

11-июнда өткөн акыркы жараянда мамлекеттик айыптоо Молдомуса Конгантиевди 6 жылга эркинен ажыратып, 100 миң сом айып салууну сураган. Ал эми жактоочу анын күнөөсүз экенин айтып жатат.

Милициянын генерал-лейтенанты Конгантиевге 2005-жылдын 24-март, 2010-жылдагы апрель окуяларына байланыштуу кызматтык ыйгарым укуктарынан «аша чабуу», «шалаакылык» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Бирок былтыр Молдомуса Конгантиевге козголгон кылмыш иши кыскартылганы ачыкка чыккан. Бул коомчулукта катуу сынга алынгандан кийин иш кайра жанданып, сотко өткөн.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.