Бүгүн өлкөдө президенттик шайлоо өтүүдө

1145

Эртең мененки саат 8:00дөн тарта республиканын бардык аймактарындагы 2375 шайлоо тилкеси ачылып, иштей баштады. Расмий маалыматка ылайык, бул шайлоодо добуш берүүгө укуктуу 3 миллион 25 миң 768 жаран бар. Анын 18 миңден ашыгы чет өлкөлөрдөн добуш беришет.

Алар үчүн Россияда алты, Германияда үч, Казакстан, Түркия, Кытай жана Бириккен Араб Эмирлигинде экиден болуп жалпысынан 37 добушкана иштеп жатат. Белгилей кетсек, президенттикке 11 талапкер ат салышууда.