Бүгүн өлкөнүн бардык мектептеринде акыркы коңгуроо кагылды

1163

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкектеги № 5 Улуттук компьютердик гимназиянын окуучулары жана бүтүрүүчүлөрүнүн акыркы коңгуроо салтанатына катышты. Мамлекет башчысы бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, бүгүнкү күндө республиканын 60 миңге жакын улан-кыздар орто мектепти аяктап жатканын белгилеп, билим берүүгө өзгөчө көңүл бөлүп жатканын айтты.

Акырындык менен жаңы мектеп стандарттарды киргизилип, билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасы жаңыланып, жаңы мектептер салынууда, дейт мамлекет башчы.

Сооронбай Жээнбеков окуучуларга билим берүүгө бардык күч-аракетин жумшап, өмүрүн арнаган мугалимдерге ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле, мектеп бүтүрүүчүлөрүнө кайрылып, мугалимдердин эмгегин баалагыла, ата-эненердин ишенимин актагыла — деди.