Бүгүн Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматына киришет

1814

Жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясындагы «Энесай» залында өтөт. Уюштуруучулардын маалымдашынча, аземге 450 киши чакырылды, алар коомдук-саясий ишмерлер, интеллигенция өкүлдөрү, депутаттар, министрлер, элчилер жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү болот.

Иш-чаранын макулдашылаган сценарийине ылайык, инаугурация саат 10:00дө башталат. Сооронбай Жээнбеков ант берип, президенттик күбөлүк, төш белги жана мамлекет башчынын штандартын кабыл алгандан кийин үч жолу артиллериялык залп атылат.

Андан соң Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаев Ак үйгө келишет. Жаңы президент ардак кароол алдында Улуттук гвардиянын башчысынын рапортун кабыл алгандан кийин президенттин иш бөлмөсүнө кирет.

Ант берүү салтанаты мамлекеттик телеканал аркылуу түз эфирде көрсөтүлөт.