Бүгүн таңга маал Ош областынын аймагында жер титирөө катталды

876

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, силкинүүнүн очогу Алай районунун Сары-Могол айылынан 22 чакырым түштүк чыгыштагы жерге туш келип, анда силкинүү 4 баллга жеткен. Ал эми аталган райондун Бар-Дөбө, Сары-Могол, Талды-Суу айылдарында 2,5 баллдык силкинүү сезилген.

Алдын ала маалыматтарга караганда, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Эске салсак, былтыр Чоң-Алай районунда силкинүү күчү 5 баллдан ашкан жер титирөө катталып, анын кесепетинен бир нече турак-жай керектен чыккан. Мындан улам, ондогон үй-бүлөлөр убактылуу чатырларга көчүрүлгөн болчу.