Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган жаңы 207 учур катталды

7545

Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди. Бишкек шаарында 92 кишиден, Чүй облусунда − 35, Ош шаарында − 43, Ош облусунда − 28, Нарында – 5, Ысык-Көлдө – 2, Таласта – 1 жана Жалал-Абад облусунда 1 адамдан коронавирус табылган.

Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 3726ны түзөт. Алардын ичинен 2082 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 42 адам каза болду.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.