Бүгүнтөн тарта ажылык сапарга бара тургандарды каттоо башталды

929

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришкендей, талапкерлерди каттоо бир гана биометрикалык ID паспорттун негизинде жүргүзүлөт.

Жарандар алгач РСК банкына 500 доллар жана кайтарымсыз 700 сом төлөгөн эсеп-дүмүрчөктү алышы керек. Анын негизинде Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын түзүмүндөгү областтык, шаардык казыяттарда катталууга тийиш. Каттоо иштери 31-январга чейин уланат.

Ошондой эле, Муфтият зыяратчыларды эмдөөгө керектүү дары-дармек үчүн сынак жарыялаганы да белгилүү болду. Ажыга барчулар менингит жана мезгилдик сасык тумоого каршы эмдөөдөн өтүүлөрү тийиш. Белгилей кетчү нерсе, бул жылы Сауд Арабиясы Кыргызстанга былтыркыдай эле 5 485 квота бергени маалым болду.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.