Булганган аба көйгөйү жана аны чечүүнүн жолдору кандай? (видео)

4336

Биз тумчугуп баратабыз, бизге таза аба керек. Бишкекте дал ушундай аталышта акция болуп өттү. Анда беткап тагынып, колуна ар кандай жазууларды көтөрүшкөн акциянын катышуучулары шаар бийлигинен бул көйгөйдү чечүүчү талап кылышты.

Ал арада, Жогорку Кеңештин депутаттарынан турган топ дагы өкмөт мүчөлөрүнүн өкүлдөрү менен жыйын өткөрүп, дал ушул маселени талкуулашты. Ак халатчандардын айтымында, ыкчам чаралар көрүлбөсө, кирдеген аба оор кесепеттерди алып келиши мүмкүн.