Булганган аба менен дем алуу рак оорусуна алып келиши мүмкүн (видео)

3979

Булганган аба менен дем алуу акырындап отуруп рак ооруларына алып келиши мүмкүн. Өлкөнүн башкы пульмонологу Талант Сооронбаев борбор калаадагы экологиялык маселе тезинен чечилбесе, жыл өткөн сайын ар кандай илдеттер көбөйүшү ыктымал экенин айтып, коңгуроо кагууда. Ак халатчандын билдирүүсүнө караганда, ансыз деле акыркы жылдары өпкөнү сезгенткен оорулар күч алып жатат.

Ал арада Бишкектин үстүн кара түтүн каптап, борбор калаа дүйнөдөгү абасы булганган шаарлардын сап башынан орун алууда. Бул маселени чечүү жолдорун ойлонуштуруп, аракет кылган активисттер да жок эмес. Бирок бул көйгөй жапа тырмак аракетти талап кылат, дешет алар.