Бюллетендердин бири ак болсо, бири көгүш болот (видео)

1010

Президенттик шайлоонун бюллетени ак болсо, референдумдуку көгүш түстө. Борбордук шайлоо комиссиясы аймактарга жана чет жактагы добушканаларга бюллетендерди жеткирди. Президенттик шайлоого 3 миллион 567 миң 138 добуш кагазы даярдалса, ушунча эле санда референдум үчүн да шайлоо баракчалары басып чыгарылган.

Адистердин айтымында, жарандар жаңылып калып, бюллетендерди алмаштырып алган күндө да, урналар кабыл албайт. Андыктан аралашып кетет деген кооптуулук жок экен. Ал арада шайлоо тилкелеринде добуш күнүнө карата даярдыктар кызуу жүрүүдө.