Бурулайдын сөөгүн эксгумациялоо боюнча чечим экспертизадан кийин кабыл алынат

861

Жайыл райондук милициясында киши колдуу болгон Бурулай Турдаалы кызынын сөөгүн эксгумациялоо боюнча чечим экспертизадан кийин гана кабыл алынат. Чүй облустук милициясы берген маалыматка ылайык, сөөктү эксгумациялоо боюнча арыз менен буга чейин Бурулайдын атасы кайрылган. Учурда анын денесинде бычак менен жазуу болгону же болбогону республикалык Соттук-медицина борборунда экспертизада каралып жатат. Эксгумациялоо чечими алар чыгарган жыйынтыгы менен кабыл алынат.

Эскерте кетсек, буга чейин кыздын ата-энеси экспертизанын жыйынтыгы менен макул болбой, эксгумациялоону талап кылышкан. Алардын айтымында, кыздын денесинде бычак менен оюп жазылган тамгалар бар болчу. Бирок милиция алгачкы экспертизага таянып, мындай жазуу болбогонун билдирген. Ал эми күнөөлүү деп кармалган бала, ала качканын гана мойнуна алып, өлтүргөнү боюнча эсинде жок экенин айтып жатат, деп билдирүүдө милиция кызматкерлери.

Кечээ премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ички иштер министрине бул ишти тыкыр көзөмөлгө алуу менен маркумдун атасын кабыл алууну тапшырган.

Эскерте кетсек: 27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө Медициналык коллеждин 20 жаштагы студенти Бурулай Турдаалы кызы өлтүрүлгөн. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы аны ала качып бараткан жигит кармалгандан кийин милиция бөлүмүндө кызды бычактап, өзүнө да кол салганын билдирген.