Бүткүл өлкө тыңдаган «Санжыра» радиосу 6 жашта (видео)

1115

«Санжыра» радиосунда кош майрам! Өзүнүн кызыктуу берүүлөрү менен калың элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон «Санжыра» радиосу 6 жашта. Кесиптештерибиздин редакциясына, таң эртеден тарта аларды туулган күнү менен, жана жалпы кыргыз элин эгемендүүлүк күнү менен куттуктап келген коноктордун саны арбын. «Санжыра» радиосу 2011-жылдын дал ушул эгемендүүлүк күнүндө биринчи жолу обого чыккан. Ар аралыкта, радио республиканын жалпы аймагын камтып, угармандар арасында аброй күтүүгө жетишти.