«Бүтүн Кыргызстан» партиясы шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду (видео)

987

«Бутун Кыргызстан» партиясы Борбордук шайлоо комиссиясын утуп алды. Бишкектин административдик соту БШКнын чечимин мыйзамсыз деп таап, саясий биримдиктин доо арызын канааттандырды. Тагыраак айтканда, эми партия шайлоодо ат салыша алат.

Азырынча Боршайком кассациялык арыз менен Жогорку сотко кайрылабы же жокпу белгисиз. “Бутун Кыргызстан” партиясына байланыштуу соттук процесс эртең мененки саат 11де башталып, кечки 7 жарымга чейин созулду. Ага чейин партиянын тарапташтары соттун имаратынын жанынан кетпей турушту.