Бүтүндөй үй-бүлөнү жабыркаткан курулуш бетону (видео)

888

Чүй областында үйдүн үстүнө кулап түшкөн курулуш плитасы боюнча автокрандын айдоочусу камакка алынды. Адам өлүмү менен коштолгон окуяга байланыштуу, курулуш иштеринин жана эмгекти коргоо эрежелеринин бузулушу беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Кырсык 10-ноябрь күнү катталып, туулган күн белгилегени чогулган бүтүндөй бир үй-бүлө жабыркады. Кошуналарынын этиятсыздыгынан төрт адам ар кандай жаракаттарды алып, 26 жаштагы кош бойлуу келин бетондун астында калып каза тапты. Учурда бул окуя боюнча атайын комиссия түзүлүп, териштирүү иштери башталды.