БУУ: 2017-жыл тарыхка эң ысык жылдардын бири катары кирет

881

Быйылкы жыл тарыхка каттоо башталгандан берки эң ысык жылдардын бири катары кирет. Бул тууралуу Дүйнөлүк метеорология уюму Германиянын Бонн шаарында башталган БУУнун климат боюнча конференциясында билдирди.

6-17-ноябрь күндөрү Бонндо дээрлик 200 өлкөнүн өкүлдөрү жолугушуп, АКШнын чыгып кеткенине карабастан климат боюнча Париж келишимин бекемдөөгө аракет кылышат.

6-ноябрда жарыяланган БУУ агенттигинин болжолдуу жылдык отчетундагы маалыматка караганда, 2016-жыл эң ысык жыл болуп, бул Эл-Нино деп аталган кубулушу менен түшүндүрүлгөн. 2015чи жана 2017-жылдар болсо андан кийинки экинчи орунга чыккан.

Баяндамада быйыл атмосферадагы көмүр кычкыл газынын көбөйүүсү уланып, деңиздин деңгээли жогорулап, Антарктиданын муз каптоосу рекорддук төмөнкү көрсөткүчкө жакындаганы белгиленген. Андан тышкары быйыл январь-сентябрь айларынын аралыгында дүйнөлүк температура 1981-2010-жылдарга салыштырмалуу жарым градус цельсийге жогору болгону жазылган.

Быйыл өзгөчө аба ырайы болгонун белгилеген Дүйнөлүк метеорология уюмунун баш катчысы Петтери Таалас климаттын өзгөрүп жатканына Атлантика менен Кариб бассейниндеги бороонду, Пакистан, Иран жана Омандагы температуранын 50 градустан ашканын, Азиядагы суу ташкындары менен Чыгыш Африкадагы кургакчылыкты мисал келтирди.