«БУУ: Адам укуктары толук сакталган мамлекет жок» (видео)

1827

Кыргызстан адам укуктарын коргоо багытында жакшы иш алып барууда. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча комиссариатынын аймактык өкүлү Ришар Коменда адам укуктарынын жалпы декларациясынын 70 жылдык мааракесине арналган иш-чарада НТС телеканалына билдирди.

Борбор Азия чөлкөмүндө алгачкылардан болуп аталган декларация 1994-жылы Кыргызстанда ратификацияланган. Адам укуктарына арналган эл аралык конференцияга Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков катышты. Ал өз сөзүндө декларация кыргыз элинин менталитетине туура келээрин жана андагы нормалар өлкөнүн баш мыйзамында камтылганын баса белгиледи.