БУУ: Мьянманын бийлиги мусулман-рохинжаларга карата дискринимацияны токтотсун!

1033

Бул тууралуу Женевада өткөн Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары кеңешинде жогорку комиссар Зейд Раад аль-Хусейн айтып чыкты. Ал өзүнүн сөзүндө «Мьянма бийлиги рохинжалар жашаган райондо «катаал аскердик операцияларды», этникалык азчылыкты дискринимациялоону токтотуп, окуяга күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга чакырды.

Эске салсак, 25-августта Мьянманын Ракхайн штатында буддачылар менен мусулмандар ортосунда тирешүү болуп, анда өлкө бийлиги мусулмандардан турган топ полиция бекеттери менен аскер базасына чабуул жасаганын билдиришкен. Бул көрүнүштөн кийин Мьянма өкмөтү мусулмандар арасынан чыккан козголоңчуларды «тазалоо» операциясын жүргүзүп, бирок анын жүрүшүндө жүздөгөн бейкүнөө адамдар набыт болуп, 270 миңдей рохинжа-мусулмандары коңшу Бангладешке качышты.

Бул көрүнүш дүйнөдө катуу нааразычылыктарды жаратып, көптөгөн митингдерге себеп болду. Түркия жана Иран бийликтери бул маселени ушул айда БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынында көтөрөөрүн расмий билдирди.