БУУда укук коргоочулар Израилдин Газадагы аракеттерин айыптады

707

БУУнун Коопсуздук кеңеши шейшемби күнкү чукул жыйынында Газа тилкесиндеги абалды талкуулады. Анда 14-майда израилдиктер менен палестиндиктердин ортосунда кагылышуулар болуп, көптөгөн адам өмүрлөрү кыйылган.

Газа тилкесинде миңдеген палестиналык 14-майдагы акция маалында каза болгондорду жерге берүү зыйнатына катышты. Акыркы маалыматтар боюнча ал күнү 62 киши мерт болгон.

Жыйынды БУУнун Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлү Николай Младенов ачып, каза тапкандардын жакындарына көңүл айтты. Андан соң эл аралык коомчулук бул кандуу окуяны «катуу айыптай» турганын белгиледи.

«Түрдүү булактардын маалыматтарына караганда, кечээ (14-майда) кеминде 60 киши, анын ичинде 6 кичинекей бала өлүп, 1300дөн ашуун адам жаракат алган. Бир израиль аскери жарадар болгон. Бул 30-мартта нааразылык башталгандан берки Газа тилкесиндеги эң кандуу күн болду», – деди Младенов.

БУУнун Жогорку комиссарынын адам укуктары боюнча башкармалыгы мындай шартта чек арага 700 чакырымга чейин жакындаган каалаган адам — аялдар, балдар, журналисттер, жардам көрсөтүү кызматтарынын өкүлдөрү же жөн гана өтүп бараткандар жаракат алышы мүмкүн деген таасир калып жатканын билдирди.