Анын айтымында, XX кылымдагыга караганда, азыркы каршылашуунун бир нече маанилүү өзгөчөлүгү көрүнүп турат. Ал кезде АКШ менен Советтер Союзу ортосунда олуттуу жаңжал болсо, азыр бир канча катышуучунун кызыкчылыгы тууралуу кеп болууда. Гутерриш Жакынкы Чыгыш аймагында АКШ менен Орусиядан тышкары Түркия, Иран жана Сауд Арабиясы өңдүү башка өлкөлөр дагы өтө активдүү болуп жатканын белгиледи. Анын айтымында, ири оюнчулар мурдагыдай жаңжалдын бардык катышуучуларын көзөмөлдөй албай калышты.
«Сирияда бир нече армия, көтөрүлүшчүлөр, дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн барган адамдар согушуп, түрдүү кызыкчылыктар кагылышууда. Башка жаңжалдар менен катар эле сунниттер менен шииттердин ортосунда дагы жаңжал бар. Мындай шартта БУУ кандайдыр бир сыйкырдуу жол менен бул маселенин бардыгын чечет деп ишенүү аңкоолук болот», — деп эсептейт Гуттериш.
Буга байланыштуу ал уюмдун Коопсуздук кеңешин дагы реформалоо зарылдыгын белгиледи. Анын пикиринде, кеңеш учурдагы эмес, Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки саясий картинаны көрсөтүүдө. Ал буга БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү инструмент катары вето коюу укугун өтө көп пайдаланып жатканын мисал катары келтирди.
14-апрелде АКШ, Улуу Британия жана Франция Сириянын бир канча объектисине карата ракеталык соккуларды жасаган. Бул өлкөнүн Дума шаарында Сириянын өкмөттүк армиясы тарабынан химиялык куралдын ыктымал колдонулганына жооп катары көрүлгөн чара болду. Москва менен Дамаск эч кандай химиялык чабуул болбогонун билдирүүдө. БУУнун Коопсуздук кеңеши Сириядагы ыктымал химиялык чабуулдар боюнча резолюция кабыл алып, мунасага келе алган жок. Кийинчерээк Коопсуздук кеңеш Орусиянын Сирияга сокку жасоону айыптаган резолюция долбоорун дагы четке каккан.