Бычак менен кол салган адамды кармай албай жүдөгөн милиция (видео)

3436

Ишке киришкенине бир ай боло электе эле Патрулдук милиция кызматы элдин сынына кабылды. Тартип сакчылары Бишкектин борбордук көчөлөрүндө бычак менен куралданган адамды кармай албай, олдоксон аракеттери менен кылмышка шектүүнү аз жерден качырып жибере жаздашты.

Ал гана эмес, колго түшкөн адамга кишен сала албай, жүдөгөнү көпчүлүктүн көз жаздымында калган эмес. Бирок Ички иштер министрлиги шектүүнү кармоо ойдогудай болду деп эсептейт.