Быйыл 29 адам поезд алдында калып каза болгон (видео)

1275

Соңку мезгилде Кыргызстандын темир жолдорунда катталган кырсыктардын саны кескин өсүп кетти. «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын маалыматы боюнча, быйылкы жылдын 9 айында эле 86 кырсык катталып, андан 11 адам жаракат алып, 3 адам каза тапкан. Буга көбүнчө адамдардын өздөрүнүн камырабастыгы себеп болууда, дешет адистер. 8 факты автоунааларга байланыштуу болсо, 150 кырсык мал жандыктарды темир жолго айдап чыкканынан улам келип чыккан. Жакында эле бир адам кулакчын тагып сүйлөшүп баратып, поезддин эскертүүчү сигналын укпай поезд алдында калып каза болду. Андыктан адистер темир жолго жакын аймактарда сак болууга чакырышат.