Быйыл аялдарга ажылык сапарга жалгыз барууга уруксат берилди

1714

Бул тууралуу Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти. Ага ылайык, күнөөсү жок, жесир, турмушка чыкпаган, балдары жок жана биринчи жолу ажылыкка кетип жаткан жыйырмадай аялга гана уруксат берилген. Бул шартка туура келбегендерге уруксат берилген эмес. Буга аялдардын суранычы негиз болгон.

Белгилей кетчү нерсе, буга чейин аялдар күйөөсүнүн, баласынын же тууганынын коштоосу менен гана ажыга барып келишкен. Муфтияттын өкүлдөрүнүн айтымында, акыркы жылдары өлкөдө Меккеге зыяратка барууга кызыкдар аялдардын саны көбөйүүдө.

Сауд Арабиясы быйыл ажыга барууну каалаган кыргызстандыктар үчүн 5400 квота бөлүп берген. Бул былтыркыдан 640 орунга көп. Быйылкы ажылык сапар август айына туш келип, зыяратчылар июль айында жөнөй баштайт.