84,79
101,18
1,11
0,20
Бишкек +6°C

Быйыл ажылык сапарга 6 миң 110 зыяратчы сапар тартат

495

Быйылкы ажылык сапардын баасы 3 миң 350 долларды түзөт. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти. Муфтияттан белгилешкендей, ажылык сапарга катталып, алдын ала 500 доллар төлөгөн адамдар,  калган 2 миң 850 долларын 26-февралдан 17-мартка чейинки аралыкта төлөөсү шарт. Былтыр зыяраттын баасы бир кишиге 3 миң доллар болгон.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы быйылкы баанын көтөрүлүшүн Сауд Арабия Мина, Арафат жана Муздалифа өрөөндөрүндөгү кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы жогорулагандыгына байланыштырууда.

Андан сырткары виза жана медициналык камсыздандырууну дагы сатып алуу керек. Белгилүү болгондой, быйыл Меккеге 6 миң 110 зыяратчы сапар тартат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.