Быйыл ажылык сапары кымбаттайбы? (видео)

2351

Кыргызстанда ажылыкка барчу кыргызстандыктарды каттоо башталды. Зыяратчыларды кабыл алуу үчүн өлкөдө 32 пункт иштейт. Мусулманчылык парзын аткарууга аттангандарды каттоо бир айга созулат. Муфтияттан билдиришкендей, быйыл ажылыктын баасы былтыркыга салыштырмалуу 5 пайызга кымбат болушу күтүлүүдө. Маалыматтар боюнча, Сауд Аравия падышачылыгы төлөмдөрдүн наркын жогорулатууну өлкөдөгү кризиске байланыштырууда. Белгилей кетсек, быйыл Сауд Аравиясы кыргызстандыктар үчүн 5400 квота бөлүп берген. Бирок ажылыкка талап кылынган сумманын көбөйүшү менен зыяратчылардын саны да азайышы ыктымал экени айтылууда.