Быйыл Кадыр түн 31-майдан 1-июнга караган түнгө туура келет

1345

Быйыл Кадыр түн болжол менен 31-майдан 1-июнга караган түнгө туура келет. Бул тууралуу Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти. Эреже боюнча Кадыр түн орозонун 26-күнүнөн 27-күнүнө караган түнү өтөт.

Муфтияттын фатфа бөлүмүнөн билдиришкендей, бул түндө «Кудайга жаккан иштерди жасап, диний маселелерди козгоп, элдин тынчтыгын, өлкөнүн өнүгүүсүн тилеп, дуба кылуу керек. Бул күндү шаан-шөкөт, музыканын коштоосунда өткөрүү туура эмес».

Ошондой эле, аталган дата майдын аягында тактала турганын муфтияттан кошумчалашты.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.